Кыргызстанда президенттин кубогу үчүн көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш өтөт.
Улуттук ат оюну боюнча мелдеш эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналып,
ага жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн командалары катыша алат.
Мелдешке 10-августка чейин катталса болот. Оюндар 22-августтан 31ине чейин
Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтөт.