Эгемендик күнүнө арналган көк бөрү боюнча Кыргызстандын президентинин кубогун “Алай” командасы алды.
Нарын облусунун Эмгекчил айылында өткөн көк бөрү боюнча республикалык мелдеште Биринчи лиганын финалында “Алай” оюнчулары Чүй облусунун “Ак-Шумкар” командасын 4:3 эсебинде утуп алды.
Биринчи лигада оюндар 25-агустта башталып, ага 19 команда катышып, алты тайпага бөлүнүп ойношкон.