Өлкөдө акыркы бир айдын ичинде күйүүчү майдын баасы 10-15 пайызга чейин өстү

Кыргыз өлкөсүндө акыркы бир айдын ичинде күйүүчү майдын баасы 10-15 пайызга чейин өстү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Шухрат Сабиров маалымат жыйында билдирди.

 

«Акыркы эки айдын ичинде дагы күйүүчү майдын баасы кескин өсүп жатат. Мисалы, акыркы бир айдын ичинде күйүүчү майдын баасы 10-15 пайызга чейин өстү. Мындай баанын өскөнүнүн себеби биз толук импортко көз карандыбыз. Өткөн жылы пандемия болуп жатканда нефтинин баасы 30 долларга түшүп кеткен болчу. Учурда күйүүчү майдын баасы кымбаттап жатат.

 

Аны Орусиядан алып келебиз. Орусияда азыркы учурда нефти өндүргөн жайлар, күйүүчү май чыгарган жайларда авариялар болуп, өзүлөрүн камсыз кылууга аргасыз болууда. Бирок эки өлкөнүн өкмөттөр аралык келишимдердин негизинде күйүүчү май өз убагында келип жатат», — деди Сабиров.