Кыргызстанда калкты тейлөө борборлору кечки саат 10го чейин иштеп калышы мүмкүн

Кыргызстанда калкты тейлөө борборлору кечки саат 10го чейин иштеп калышы мүмкүн. Учурда мындай мүмкүнчүлүк каралып жатат, — деп билдиришти Мамлекеттик каттоо кызматынан. Жумушчу долбоор жакынкы арада ишке кирет.

 

Андан тышкары, Бишкекте уникалдуу сервистик борбор ачуу пландалууда. Анда жарандарга башка мамлекеттик органдардын дагы кызматтары көрсөтүлөт. Учурда калкты тейлөө борборлоруна кыргызстандыктар 36 кызмат боюнча  кайрыла алат.