Россиядан 426 кыргызстандык кайтып келди

Россиядан 426 кыргызстандык кайтып келди. Москва-Бишкек чартердик каттамы менен студенттер, кош бойлуу, балалуу аялдар жана оор абалдагы бейтаптар келди.

 

Ошондой эле өз ыктыяры менен жардам берүү үчүн келген 45 медициналык кызматкер да бар. Март айынан бери учак жана унаа менен 40тай өлкөдөн 20 миңден ашык кыргызстандык мекенине кайтып келди.