Кара-Сууда мектептеги өрттүн себеби иликтенүүдө

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Маданият айылында жайгашкан мектептеги өрттүн себеби жана тилсиз жоодон канча зыян келтирилгени такталууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облустук башкармалыгынын маалыматына караганда, 2-марттагы өрттө №42 орто мектебинин имаратынын чатыры жана ичи күйүп кеткен.

 

Өрт эки сааттан кийин өчүрүлгөн.