Өлкөдө бир суткада коронавируска каршы эмдөөдөн 12 миң 409 адам өттү

Өлкөдө бир суткада коронавируска каршы эмдөөдөн 12 миң 409 адам өттү. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Анын ичинен 5 миң 913 биринчи дозаны, 6 миң 496 адам экинчи дозаны алган.

 

Жалпы эмдөөдөн өткөн:

 

1 доза — 731 693;
2 доза- 518 257.