Бишкектеги көп кабаттуу үйдүн дубалына Айсулуу Тыныбекованын сүрөтү тартылууда

Токио Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси Айсулуу Тыныбекованын сүрөтү Бишкектин чок ортосундагы көп кабаттуу үйдүн дубалына тартылып жатат.

Сүрөт түшүрүлүп жаткан үй калаанын Абдрахманов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Дубал живописи менен DOXA Art Group командасы алектенүүдө.

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча өз салмак категориясында дүйнө рейтингинде биринчи орунда турат. Дүйнө чемпиону, Олимпиаданын күмүш медалынын ээси.