Кытайда жарандардын нааразычылыгынан улам 26 миллион долларга жасалган айкел башка жерге коюлат

Кытай бийлиги Цзиньчжоу шаарына орнотулган айкелди башка жакка которуу тууралуу чечим чыгарды. Буга жергиликтүү тургундардын нааразычылыгы себеп болгонун чет элдик басылмалар жазышат.

 

Маалыматка ылайык, легендарлуу генерал Гуань Юйдун айкели Цзиньчжоу шаарына 2016-жылы коюлган. Ал дээрлик 26 миллион долларга жасалган, бийиктиги 58 метр. Бул айкелди «Гиннесстин рекорддор китебине» дүйнөдөгү эң чоң коло айкел катары киргизүү да пландалгандыгы белгилүү болгон. Бирок айкел жергиликтүү тургундардын нааразычылыгын жараткан. Алардын айтымында, айкел келишимсиз жана ал тарыхый шаардын көркүнө шек келтирүүдө, ошондой эле айкел өтө эле кымбат баага сапатсыз жасалган.

 

Шаар тургундарынын нааразычылыгынан улам Кытай бийлиги чуу жараткан айкелди Цзиньчжоу шаарынан 8 чакырым алыстыктагы жерге орнотот. Аны жаңы жерге орнотуу үчүн 20 миллион доллар сарпталары айтылат маалыматта.