Өлкөдө дизелдин баасы рекорддук деңгээлге жетти

Өлкөдө дизелдин баасы рекорддук деңгээлге жетти.

Май куюучу жайларда литри дээрлик 74 сом турат.

Жыл башынан бери баа төрт эсе кымбаттады.

Мунай ташуучулар ассоциациясы мунун себебин негизги жеткирүүчүлөр болгон россиялык заводдор экспорттун көлөмүн азайтып, айрымдары оңдоо иштерине жабылып калганы менен түшүнүрүүдө.

Ал эми азыркы баага азырынча экспорттук алым кирбей турганын кошумчалашты.

Белгилеп кетсек, Кыргызстан күйүүчү майды макулдашылган квота боюнча алат.