Баткен районунун Капчыгай айылында насостук станция пайдаланууга берилди.
Жергиликтүү башкармалыктан билдиришкендей, аталган станцияга чет элдик
донорлордон жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1,5 миллион сом сарпталды.
Бул суу системасы 110 үй-бүлөнү жана сугат жерлерин суу менен камсыздайт.