Кыргызстанда прокуратура жаңы кызматкерлерди катарына кошот

Кыргызстанда прокуратура жаңы кызматкерлерди катарына кошот. Башкы көзөмөлдөөчү органдын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, талапкерлерден документтер 2-ноябрдан 30-ноябрга чейин кабыл алынат.

 

Кандай документтер талап кылына турганы жана сынактын өтүү тартиби, тесттик суроолор генералдык прокуратуранын расмий сайтындагы “Кадрлар” бөлүмүндө жеткиликтүү.