Вирус көп катталган мектептер жана жогорку окуу жайлар убактылуу жабылат

Вирус көп катталган мектептер жана жогорку окуу жайлар убактылуу жабылат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

 

Анын айтымында, эгер бир класста 2-3 бала ооруп кала турган болсо ошол класс жабылат. Ал эми эпидемиологиялык кырдаалга жараша ооругандар көбөйсө, мектепти же жогорку окуу жайын жабууга туура келет.

 

Окуу башталгандан бери окуучулар арасында коронавирус катталган жок, — деди чиновник. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда дээрлик эки жыл жабык турган мамлекеттик окуу жайлар 15-сентябрда кадимки тартипте иштеп баштады.