Бишкек мэриясы мектептерди жабуу оюнан кайтты

Бишкек мэриясы мектептерди жабуу оюнан кайтты. Ордо калаада мектептер  12-13-апрелде гана убактылуу жабылат. Бишкек шаардык башкармалыгынан билдиришкендей, 14-апрелден тарта кадимки режимде окуу уланат.

 

Шаардык кеңеш шайлоолорунан кийин имараттар тазаланат. Бул бала бакчаларга дагы тиешелүү.

 

Эске салсак, буга чейин мэрия Бишкектеги бала бакчалар кайрадан жабылып, мектептер аралыктан окууга өтө турганын билдирген.