Өлкөнүн айрым аймактарында үшүк жүрөт.
Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, эртең түнкүсүн Ош, Жалал-Абад,
Чүй жана Талас облустарынын дыйканчылык
аймактарында жана тоолуу райондорунда -3 градуска
жеткен үшүк жүрүшү күтүлөт. Термометр мамычаларынын
мындай көрсөткүчү өрүктүн бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө,
данектүү мөмө бактарынын эрте сортторунун
бүчүрлөрүнө коркунуч келтирет.