Өлкөнүн айрым аймактарында жарык жок болот.
“Түндүк электр” жана “Ош электр” ишканаларынан билдиришкендей,
бүгүн кечки саат 6га чейин Чүй облусунун Беловодск айылында,
Ош облусунун Кара-Кулжа айыл башкармалыгында жана Баткен облусунун
Бирдик, Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айылдарында, ошондой эле Баткен шаарынын
бир катар көчөлөрүндө электр энергиясы өчүрүлдү.
Убактылуу чектөө оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу.