Баткен облусундагы 22 орто мектепте санариптик китепкана орнотулду

Баткен облусундагы 22 орто мектепте санариптик китепкана орнотулду.

Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, китепканадан беш тилдеги

окуу куралдарын таап, интернетке туташпастан окуса болот. Мектеп окуучулары жана

мугалимдер санариптик китепканаларга смартфон жана компьютер аркылуу кире алат.

Китепканадан 8 предмет боюнча видеолекцияларды англис тилинде көрүү жеткиликтүү.

Мындан тышкары, анда балдардын билимин текшерүү үчүн тесттер да бар.