Эртең Бишкекте азык-түлүк жарманкеси уюштурулат

Бишкекте кайрадан азык-түлүк жарманкеси өтөт. Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жарманке эртең, 23-январда Киев жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде өтөт.

 

Дүң баадагы азык-түлүктөрдү алуу үчүн жарманкеге саат 10дон тартып барса болот. Анда эт, сүт азыктары жана жашылчалар арзандатылган баада жеткиликтүү.