Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду медициналык каражаттарды сатып алууга
5 миллиард сом жумшады. Бул тууралуу аталган фонддун төрагасынын орун басары
Акылбек Калыков билдирди. Анын айтымында, фонддун бюджетине жалпысынан
7 миллиард сом чогулду. Каражаттын басымдуу бөлүгү медицина кызматкерлеринин
эмгек акысына, препараттарды жана жеке коргонуучу каражаттарын сатып алууга жумшалды.