Бишкекте үчүнчү балдар ооруканасы штаттык режимде иштеп жатат

Бишкекте үчүнчү балдар ооруканасы штаттык режимде иштеп жатат. Башкы дарыгер Гүлнара Жанабилованын айтымында, медициналык кызматкерлер толугу менен ишке чыкты. Бейтап менен чатак чыккан дарыгер иштен кетирилген жок.

 

Эки тарап жарашты. Эске салсак, буга чейин Интернетке видео тараган. Анда баласын көтөргөн аял дарыгердин жазып берген препараттарына нааразы болгонун көрсө болот.Дарыгер милицияга арыз жазып, кийин аны кайра артка чакыртып алды.