Акыркы беш жылдын ичинде 22 миңден ашык адам кыргыз жарандыгын алды

Акыркы беш жылдын ичинде 22 миңден ашык адам кыргыз жарандыгын алды.

Алардын басымдуу бөлүгү Өзбекстан жана Тажикстандан келген этникалык кыргыздар экенин

Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. Белгилеп кетсек,

ар жылда миңдеген адамга кыргыз жарандыгы берилет.

2019-жылдын эсебинен акыркы ирет 978 адам Кыргызстандын жараны болду.

Белгилеп кетсек, Өзбекстан, Казакстан, Кытай жана Тажикстандын жарандыгын

алган адам бир эле маалда Кыргызстандын да жараны боло албайт.