Өлкөнүн магистралдарында кыймылга тоскоолдуктар жок

Өлкөнүн магистралдарында кыймылга тоскоолдуктар жок. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, жолчулар карды тынбай тазалап, инерттүү материалдарды сээп жатат.

 

Бардык жолдор ачык, тыгындар жок. Алыскы сапарга чыгууну пландап жаткан айдоочуларнга дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, жанында тайгактыкка каршы шаймандарды алып жүрүү сунушталат.

 

Унаалар ортосундагы тиешелүү 500 метрлик аралык сакталышы кажет. Жөнөкөй эрежелерди сактоо менен тыгындарды жана жол кырсыктарын алдын алуу мүмкүн.