Жалал-Абадда жер титирөө катталды.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, зилзала күндүзгү саат 2 жарымда болуп, күчү 5 баллга жетти. Жер алдындагы силкинүүлөр Тосой, Жийде, Ор – Казган, Ак – Терек, Калмак – Кырчын, Саты, Таран – Базар, Михайловка, Салам – Алик айылдарында, Өзгөн шаарында сезилди.
Кыйроолор жана жабыркагандар катталган жок.