Ордо калаа автобустары кышка даярдалды. Мэриядан билдиришкендей, транспорт сезондук тейлөөдөн өтүп, шиналар жана мотор майлары алмаштырылууда.
Өзгөчө көңүл кыймылдаткычтарга, жылытуу системасына, салондун желдеткичине жана эшиктердин иштешине бөлүнүп жатат.