«Бишкек – Кара-Балта» жолунун курулушу 2020-жылдын күз айларында аяктайт

«Бишкек – Кара-Балта» жолунун курулушу 2020-жылдын күз айларында аяктайт.

Бул тууралуу Унаа жана жолдор министринин орун басары Бакыт Бердалиев билдирди.

Маалыматка караганда, жолдогу иштер келерки жылдын май айында аякташы керек болчу.

Бирок бир катар себептерден улам жолдун курулушу 6 айга кечиктирилүүдө.

Иш жол астындагы коммуникациялар убагында которулбаганына байланыштуу, — деди Бердалиев.