Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда

Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Бишкек – Ош, Суусамыр – Талас – Тараз жана Каракол – Эңилчек унаа жолдоруна кар күрткүсү түшүшү мүмкүн.

Мындан улам, бул трассаларда жүргөн айдоочулар унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты так сакташы керек.