Башка бирөөнүн жерин басып алгандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат

Башка бирөөнүн жерин басып алгандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги эскертет.

Ведомство ошондой эле айыл чарба багытындагы жерлерге өз алдынча курулуш жүргүзгөндөр 10 жылга чейин эркинен ажыратыларын белгилейт.

Ал эми мындай мыйзам бузууларга күбө болгондор милиция же жергиликтүү бийликке кайрылуусу керек.