«Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабы сот процесстери аяктагандан кийин башталат

«Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабы сот процесстери аяктагандан кийин башталат.

Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Индира Шаршенова билдиргендей, бүгүнкү күндө долбоорду аткаруучу тарабынан мыйзам бузуулар сотто каралып жатат.

Эске салсак, аталган долбоорду ишке ашыруу боюнча тендерди 2019-жылы кытай компаниясы жеңип алган.

Анын талаптарына ылайык, 2020-жылдын аягына чейин өлкөнүн 17 шаарында жана 73 калкттуу пунктунда жол эрежесин бузууларды каттаган 300дөн ашык камера орнотулушу керек болчу. Коронавирус пандемиясына байланыштуу келишимди аткаруу мөөнөтү 2021-жылга чейин узартылган.

Бирок аткаруучу компания жаңы мөөнөттө дагы ишти кечеңдеткен.