Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 8-декабрга чейин жаап жана күтүлүп жаткан карга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу аймактарында жана Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолундагы Чапчыма ашуусуна кар көчкү түшүүсү мүмкүн.
Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.
Мындан улам, айдоочуларга сак болуу сунушталат.