Чүй облусунда “Ылдамдык” рейди жүрүүдө

Чүй облусунда “Ылдамдык” рейди жүрүүдө. Ал 11-августка чейин созулат, — дешти Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан. Ал эми 11нен 14-августка чейин “Руль” рейди өтөт.

 

Ведомстводон белгилешкендей, бул текшерүүлөрдүн алкагында өзгөчө көңүл айдоочулардын жол эрежелерин сакташына бөлүнөт. Бул мас абалында руль башкаргандарды, документтери жок унаа айдагандарды аныктоо максатын көздөйт.