Алай районунун эки айылын сел суулары каптаганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 25-апрелде саат 9дар чамасында жааган жаандын кесепетинен кокту колоттордон келген сел суулары Тогуз-Булак жана Биринчи май айылындарындагы турак үйлөрдүн короосун, ички-чарбалык жолду каптаган.
Жерине тактоо иштерин жүргүзүүгө Алай районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу тартылган.