Нарын облусунун аймагына кирип-чыккан транспорт кыймылына чектөө киргизилди.
Өкмөттүн аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, коронавирустун жайылышын токтотуу максатында 30-мартта тарта Нарынга кирип-чыккан унаалардын каттамына бөгөт коюлуп, посттордо көзөмөл күчөтүлдү.
Облуста 13 санитардык-карантиндик пост бар.