Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар санаторийге дарылануу үчүн берилген жолдомонун ордуна акчалай жөлөк пул ала алышат.
Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров билдирди. Анын айтымында,
жолдомонун ордуна акча төлөө 3 тартипте жүргүзүлөт. Алар, 3 топтогу майыптарга беш жылда бир жолу
бекитилген сумманын 30,50 жана 100 пайызы ыйгарылат. Төлөнө турган каражаттын өлчөмү
жолдомонун орточо баасын эсепке алуу менен жүргүзүлөт.