Кыргызстан премьер-лигасынын 6-туру өттү.
Беттештердин алкагында “Каганат” “Илбирс” командасын 5:1 эсебинде жеңип алды.
“Нефтчи” жана “Абдыш-Ата” 2:2 упай менен тең чыкты. “Дордой” “Алга” курамасын 2:0 эсебинде утуп алса,
“Алай” командасы “Кара-балтаны” 1:0 менен жеңди. Жыйынтыгында турнирдик жадыбалда 16 упай менен
“Дордой” лидер катары сап башында жайгашты. Андан кийин “Нефтчи” жана “Абдыш-Ата” орун алат.
Эске салсак, өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу оюндар көрүүчүлөрү жок өтүп жатат.