Баткен, Кара-Суу жана Ош бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерден документтерди кабыл алуу бүгүн аяктайт. Бул тууралуу Боршайком эскертет.
Үгүт иштери 8-апрелде башталып, 27-апрелдин таңына чейин уланат. 28-апрелде шайлоо өтсө, добуш берүүнүн соңку жыйынтыгы 12-майга дейре жарыяланат.
Эске салсак, аталган округдардан парламентке келген депутаттар жазган арыздарына ылайык мандатынан ажыратылгандан кийин мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган.