Жетинчи чакырылыштын депутаттары Жогорку Кеңештин жаңы түзүмүн бекитти

Жетинчи чакырылыштын депутаттары Жогорку Кеңештин жаңы түзүмүн бекитти.

 

Эми парламентте 8 профилдик комитет жана 3 вице-спикер болот. Белгилеп кетсек, буга чейинки алтынчы чакырылышта депутаттардын саны 30га көп болгону менен, 2 гана спикер иштеп келген. Эске салсак, жаңы шайланып келген депутаттар 29-декабрда ант берип, кызматка киришти.

 

Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңеш мурдагыдай 120 эмес, 90 депутаттан турат. Учурда 88 депутат иштөөдө, дагы эки эл өкүлү кайра шайлоонун жыйынтыгы менен парламентке келишет.