Президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин отставкасын кабыл алды.
Бул тууралуу өлкө башчы аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.
Муну менен Кыргызстандын өкмөтү отставкага кетти деп эсептелет.
Жарлыкка ылайык, премьер-министр, вице-премьер-министрлер жана
өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн кызмат ордун ээлеген адамдар
жаңы курам түзүлгөнгө чейин ишин улантат.