“Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол курулуш долбоорун ишке ашыруу боюнча маселелер макулдашылды

Кыргызстанды Түштүк Азия өлкөлөрү менен байланыштыруучу “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол курулушунун долбоорун ишке ашыруу боюнча дээрлик бардык маселелер макулдашылды.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекте кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун расмий ачылышында билдирди.

Келечекте биз бул магистралдын транспорттук потенциалын активдүү пайдаланууга тийишпиз.

Аталган өнүктүрүү фонд жаңы биргелешкен ишканаларды ачууга өбөлгө түзөт деп ишенем, — деди Акылбек Жапаров.