Май айында кыргызстандыктарды узак эс алуулар күтүп турат. Эске салсак, 1-5-жана 9-май майрамдык дем алыш күндөрү. 2-майга Орозо айт туура келгендиктен, бул күнү дагы эс алуу жарыяланат.
Муну менен 4-6-май гана иш күнү болот, бирок аларды 30-апрель жана 14-майдагы ишембилерге жылдыруу пландалууда. Эмгек министрлигинин басма-сөз кызматынан такташкандай, учурда дем алыш күндөрүн бекитүү боюнча тиешелүү токтом даярдалып жатат.