Жол инспекторлору айдоочуларды этият болууга чакырат

Жол инспекторлору айдоочуларды этият болууга чакырат. Синоптиктердин маалыматына ылайык, бүгүн кечинде жана түндө аба-ырайы кескин бузулуп, кар жаайт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-20 метрге жетиши мүмкүн.

 

Жолдордо муз тоңгондуктан, айдоочулар ылдамдыкты жогорулатпай, унаалар ортосундагы коопсуз аралыкты сактап жүрүшү керек.