Бажы чек арасынан товар өткөрүүдөгү коридорлордун түрү аныкталды

Бажы чек арасынан товар өткөрүүдөгү коридорлордун түрү аныкталды. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Алсак, жашыл, сары жана кызыл коридорлор белгиленди.

 

Алар коркунучтун төмөнкү, орто жана жогорку деңгээли менен айырмаланат. Мисалы, жашыл коридор боюнча товар өткөрүүдө коркунучтарды азайтуу чаралары колдонулбайт, ал эми кызыл коридордо бажы көзөмөлүнүн бардык формалары көрүлөт.

 

Текшерүүлөрдүн тартиби жана критерийлери бажы тармагындагы мамлекеттик органдарга жүктөлдү.