Кыргызстанда доллар арзандоосун улантууда

Кыргызстанда доллар арзандоосун улантууда. Эс алуу күндөрү америкалык валютанын куну дароо 50 тыйынга төмөндөдү. Бүгүн ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары долларды 83 сом 90 тыйынга сатып алып, кайра 84 сом 20 тыйынга сатышууда.

 

Белгилеп кетсек, бул 2021-жылдын январь айындагы курска барабар.