Кыргызстандын 11 шаарында экологиялык мониторинг жүргүзүүчү жабдуулар орнотулат

Кыргызстандын 11 шаарында экологиялык мониторинг жүргүзүүчү жабдуулар орнотулат. Бул тууралуу 24 агенттигине активисттер билдирди. Маалыматка ылайык, шаймандар ошондой эле, Кант, Кара-Балта, Чолпон-Ата жана Ошто пайда болот.

 

Белгилеп кетсек, акыркы жылдары Бишкектин экологиялык абалы кейиштүү абалда. Ордо калаа асманын кара түтүн каптаганына унаалардын көптүгү, көп кабаттуу үйлөрдүн башаламан курулушу жана жер тамдарда көмүр жагылганы себеп.