Майлуу-Суу лампа заводу кайра өкмөттүн колуна өттү

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламентте билдирди.

«Токтоп турган ишканаларды сатып жибербей, ишке киргизүү саясатына өттүк. Бир мисал: Майлуу-Суу лампа заводун кыргыз мамлекети өзүнө кайтарып алды. Азыр мамлекеттик ишкана болуп калды. Бул завод – шаар түзүүчү (градообразующий) ишкана болот. Модернизацияга 1 млрд. сом карадык. Кара-Балта ремзаводу, Кара-Балта шаарындагы “Даназык” мамлекеттик ишканасы мамлекетке кайтарылды. Кара-Балта килем комбинатынын базасында синтетикалык жана жарым синтетикалык кездемелерди жана тигүү буюмдарын чыгаруу боюнча текстилдик кластерди ишке киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Пахта-текстилдик кластерди түзүү боюнча маселе иштелип жатат. Анын базасында пахта тазалоочу заводду, жип чыгаруу фабрикасын, текстилдик фабриканы жана машина-трактор паркын, ошондой эле май чыгаруучу заводду уюштуруу пландалууда»,-деди Жапаров.

Майлуу-Суу шаарындагы лампа заводу 1967-жылы ишке кирген. Кезинде 7-8 миңге чейин адам эмгектенген мекемеде, соңку кездери жумушчулардын саны жана өндүрүшү кыйла азайган.

Лампа заводу 2003-жылы жеке ишкерлерге сатылган. Ишкананын мамлекетке карызы көбөйгөндүктөн 2009-жылы банкрот деп жарыяланып, кийин «Майлуу-Суу лампа заводу» жоопкерчилиги чектелген коому болуп уюштурулган.