Илон Масктын Tesla компаниясынын бир кеңсеси жабылды

Америкалык миллиардер Илон Маск негиздеген Tesla компаниясынын Калифорниядагы кеңсеси жабылат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка караганда, мындай чечим компаниянын чыгашаларын азайтуу максатында кабыл алынган. Ага ылайык, 200 кызматкер ээлеген ордунан бошотулат. Ал эми калган кызматкерлер компаниянын башка кеңселерине бөлүштүрүлөт.

 

Эске салсак, буга чейин ишкер Илон Маск компаниядагы кызматкерлердин дээрлик 10 пайызын кыскартуу жана жумушка жаңы кызматкерлерди алууну токтотуу ниетин билдирген.