Буга чейин берилген мамлекеттик ипотекалык насыялар боюнча пайыздык чендерди 4кө чейин төмөндөтүү пландалууда. Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришкендей, учурда насыялар “Жеткиликтүү турак-жай 2015-2020” программасынын алкагында жылдык 6-8 пайыз менен берилүүдө.
Эми “Менин үйүм” жаңы программасы тартууланды.
Анын алкагында жеңилдетилген шарттар каралган. Пайыздык чендер дагы акырындап төмөндөтүлөт. Ошондой эле, насыяны төлөө мөөнөтүн 25 жылга чейин жеткирүү каралып жатат.