Ошто 100 орунга ылайыкташкан жугуштуу илдеттер ооруканасынын курулушу план боюнча жүрүүдө

Ош шаарында 100 орунга ылайыкташкан жугуштуу илдеттер ооруканасынын курулушу план боюнча жүрүүдө. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, аткарылып жаткан иштер боюнча эски имараттын бузулушу — 100 пайызга, жандандыруу бөлүмүнүн пайдубалынын бетон иштери — 40 пайызга бүтүп калган.

«1-бөлүмчөнүн 20 пайыздык, 2 – бөлүмчөнүн да 20 пайыздык курулушу аткарылган. Объектте 70 адам жана 7 атайын унаа техникалары иштеп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек жалпы аянты 2627,7 метр квадратты түзгөн оорукана тез курулуучу конструкциялардан курулат. Долбоор боюнча лабораториялык медициналык жай, жандандыруу бөлүмү жана чоң кишилер үчүн жугуштуу ооруулардын дартын аныктоочу, ошондой эле дарылоочу 2 бөлүм болот.