Германия Кыргызстанга 500 миң евро бөлүп берет

Германия Кыргызстанга 500 миң евро бөлүп берет.

Бул тууралуу Бириккен улуттар уюмунун өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка караганда, каражат «Кыргызстандагы шайлоону колдоо»

программасынын алкагында берилет. Программа калктын аярлуу катмарын,

аялдар, жаштар, мүмкүнчүлүгү чектелгендерди жана мигранттардын

добуш берүү укугун колдоого багытталган. Кошумчаласак, Кыргызстанда

үстүбүздөгү жылдын 4-октябрында парламенттик шайлоо өтөт.