Майлуу-Суу шаарында үч отказан тең иштеп баштап, 375 абонентке жылуулук бериле баштады

Майлуу-Суу шаарында үч отказан тең иштеп баштап, 375 абонентке жылуулук бериле баштады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Ведомстводон белгилешкендей, учурда кезек-кезеги менен үйлөргө жылуулук берилүүдө. Эске салсак, 13-январдан тарта Майлуу-Сууда өзгөчө кырдаал режими күчүндө. Катуу сууктан улам суу түтүктөрү тоңуп, жылуулук жана таза суу берүү үзгүлтүккө учураган.