WhatsApp тиркемесинде көпчүлүк күткөн жаңы функция пайда болот. Эми колдонуучулар бири бирине оригиналдуу сапат менен сүрөт жөнөтө алат. Ал эми учурда мессенджер жөнөтүлгөн бардык сүрөт-видеолордун көлөмүн кысып, сапатын төмөндөтүп салат.
Жыйынтыгында сүрөттөр даана көрүнбөй калат. Учурда функция иштелип чыгууда.
Жакынкы арада ал бардык колдонуучуларга жеткиликтүү болот.